17-ноябрь 2020/informator.kg- Эрулан Көкүлов санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башчылыгына дайындоону талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

«Мен Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектөөгө даярмын жана каалайм. Бул структурада мен үчүн үч ай жетиштүү болот. Азыр бул бөлүмдү ким жетектейт билбейм. Бирок ал иштеген жеринде калып, айлык алсын», – деди Эрулан Көкүлов. Анын айтымында, көзөмөл органы 90-жылдардын башынан бери иштеп келе жаткандыгына карабастан, милдеттерин өз деңгээлинде аткарбайт.

“2018-жылдан бери “Не сахар” долбоору иштейт. Бул долбоорду баштаганда дүкөндөргө киргенде оозум ачылып калган. Дүкөндөрдө сатуучулар гана эмес, менеджерлер өнүмдүн чыгарылган күнүн, анын курамын кантип туура көрсөтүү керектигин түшүнүшпөйт, аннотация деген эмне экенин билишпейт. 20 жылдан ашык убакыт ушул көзөмөл органы бар болсо дагы, ушундай кичинекей көйгөйлөр кылынган эмес”, – деди алып баруучу.«Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун эл билбейт. Анын кайда жайгашкандыгын дагы билбейт. Силер өзүңөр кайдасыңар, эмне иш кылып жатасыңар? Мага үч ай убакыт бергиле. Ушул үч айда мен силердин ишиңерди оңдоп берем, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кандайча иштеши керектигин түшүнөсүңөр», – деп жыйынтыктады Эрулан Көкүлов.