8-октябрь 2020/informator.kg-

Финансы министрлигинин эмгек жамааты бүгүн, 8-октябрда министр Бактыгүл Жээнбаеваны иш ордуна киргизген эмес. Мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, учурда министрликтин кеңсесинин алдында жетекчиликке нааразы болгон кызматкерлер топтолуп турушат. Алар Жээнбаеванын жолун тороп, имаратка киргизбей, кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Буга алар «Жээнбаева Финансы министрлигин башкарган эки жыл ичинде эмгек жамаатын эки бөлүп койгон, кызматкерлер министрдин өзүн колдогон сүймөнчүктөр жана көңүлүнө жакпагандар болуп бөлүнүп калган» деген жүйө келтиришүүдө. Маалыматка караганда, Жээнбаева Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго айланганда буюмдарын чогултуп кетип калган. Бүгүн жумушка келгенде жамааттын каршылыгына кабылган.