4-июнь 2020/informator.kg-“Финляндияда коронавирустун жаңы тастыкталган учурлары табылган жок. Финляндияда жалпысынан 6911 учур катталган” деп айтылат билдирүүдө. Дарыгерлер ошондой эле эпидемиянын басаңдап бараткандыгын билдиришти. “Коронавирустук эпидемия мурунку эки жумага салыштырмалуу бир аз басаңдады. Учурда вирустук инфекциянын болжолдуу деңгээли 0,75 жана 0,80 арасында. Бул коронавирустук эпидемия Финляндияда бир аз убакыттан бери төмөндөп бараткандыгын билдирет”, – деп айтылат билдирүүдө.Финляндияда коронавирустун биринчи учуру 29-январда Лапландда эс алып жаткан Ухань шаарынан келген турист менен катталгандыгы кабарланган.