2-июль 2020/informator.kg-

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектердин, медициналык каражаттар менен беткап, антисептиктердин баасынын жогорулашына жол бербөө боюнча дарыканаларда рейд өткөрүп жатат.Мекеме кабарлагандай жогорудагы товарларга бааны негизсиз көтөргөндөр аныкталган жана катуу чара көрүлөт. Финансы полициясы ишкерлерге, дарыкана ээлерине абалдан пайдаланып медициналык каражаттардын баасын көтөрүүгө болбой турганын эскертти.