Бишкек. 21.01. 21 informator.kg Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын Жайыл жана Панфилов райондук бөлүмү тарабынан жашыруун ишмердик жүргүзүп келген кумар оюн клубу аныкталып, кылмыш иши козголду.

Анда Кара-Балта шаарынын Карл Маркс-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде “”Лаванда” аттуу сулуулук салону жайгашканын, бирок, ал жер сулуулук салону катары эмес, жашыруун, мыйзам менен тыйуу салынган кумар оюн клубу болгону айтылат.

Оперативдүү рейд маалында ал жерде бир нече атайын программалаштырылган компьютерлер жана акчалай каражаттар, ошондой эле кумар ойноп жаткан адамдар болгон. Учурда кылмыш ишин тергелип жатат.