Бишкек. 04.01.2021. informator.kg Кыргызстандагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын(финпол) башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ал өзү соцтармактардагы баракчасына кабарлады.

“Достор баары жакшы, сахар кучоп, бугун которулуп кетти, ден соолука акыркы кундору катуу куч келип кетти  (нерв). Сахарды бир да окумуштуу айыктара албай койду. Эч жерин оорубайт, бирок бут органдарды жейт экен. Буюрса бир жума ден соолукту карап, анан ишке киришелик. Догдурга баш ийбесе болбойт, жаткырышты”,-деп жазды ал.

Эске сала кетсек, “Чоң казат” партиясынын лидери С. Жапыкеев 2020-жылдын 5-октябрындагы бийлик төңкөрүшүнөн кийин бул кызматка дайындалган.