8-октябрь 2020/informator.kg-

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров мурдагы режимдеги төрагалык милдеттерин аткарып жатат. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, акыркы күндөрү төраганын милдетин аткаруучу катары иштеп жаткан Алтынбек Жумагулов мурда ээлеген кызматына барды. Финполдун жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы маалымдалат.