Бишкек. 22.02. 21 informator.kg  Парламент депутаты Гүлнара-Клара Самат(Кабилова) Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат 2018-жылы май айында “Ата Мекен” партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген. Ошол учурда анын орус жарандыгы болушу мүмкүн экенин айткан “Карек” коомдук бирикмеси бул маселени тактоону Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүнгөн. БШК “кош жарандык тууралуу маалымат кылдат текшерилгенден кийин гана мандат берилгенин” билдирген болчу.

Ал 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимден ыдык көргөнүн жарыялап, кызматын таштап Орусияга качып кеткени белгилүү болгон.