21-август 2020/informator.kg-

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу, учурда Казакстандын “Кайрат” клубунун намысын коргоп жаткан Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 
белгилей кетсек, улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.
“Байматов 2009-жылы Латвиянын “Вентспилс” клубунун курамында, ал эми Мака Кум 2010-жылы Молдованын “Дачия” клубунун курамында Европа мелдештеринде ойногон”, — деп айтылат маалыматта.
Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, “Кайрат” 27-августта Европа лигасы мелдешинин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын “Ноа” клубуменен кездешет.