19-ноябрь 2020/informator.kg-

Өлкөдө COVID-19 менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн Германия колдоо көрсөттү. Тагыраагы, аталган мамлекеттин Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги медициналык жабдыктарды берди.Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18-ноябрда министрдин орун басары Бакыт Жангазиев Германия элчилигинен 30 даана аба-кычкылтек аралаштыргычтарын, медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды кабыл алды.“Германия өлкөсү тарабынан каржыланган эл аралык эксперттер тобунун Кыргыз Республикасына келери күтүлүүдө. Адистер Кыргыз мамлекетиндеги лабораторияларда COVID-19 илдетин аныктоого жана медицина кызматкерлеринин илдетти жуктуруп албоосу боюнча кеп-кеңештерди берет”, – дешти мекемеден.