3-август 2020/informator.kg-Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде кармалган жаранды ден-соолугуна атайылап оор залал келтирди деген айып менен камакка алганын жарыялады. Жергиликтүү маалымат каражаттарына караганда, ал мурдагы премьер-министр Зураб Жваниянын уулу болуп чыккан. Буга чейин грузин телеканалдары жаңжалдын кесепетинен Тбилисидеги өз үйүндө бизнесмендин небереси жана мурдагы депутат Гоги Топадзенин небереси Леван Топадзе жарадар болгонун кабарлаган. Грузин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кийинчерээк Б.Ж. инициалы менен киши кармалгандыгын жарыялады.