11-июль 2020/informator.kg-

Хабаровскиде аймактын губернаторунун камалышына каршылык билдирген миңдеген адамдар президент Владимир Путинге каршы ураандарды чакырып жатышты.Алар «Падыша жоголсун!», «Путин ууру!»-деп кыйкырып турушту.Ар кандай эсептер менен 11-апрелде шаардын борбордук аянтына беш миңден 35 миңге чейин адам топтолду.Митингдер башка шаарларда да өттү.ЛДПР партиясынын мүчөсү Сергей Фургал 2004-2005-жылдары адам өлтүрүүнү уюштурган, бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 9-июлда камалган. Фургал бул дооматтарды четке кагууда.ЛДПР партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский анын парламенттеги фракциясынын мүчөлөрү Фургалдын камалышына каршылык билдирүү максатында “мандатын тапшырып берүүгө даяр экенин” билдирди.10-июлда ЛДПР партиясынын Хабаровск аймагындагы эки депутаты да алдамчылыкка шек саналып камалган.