1-август 2020/informator.kg-

30-июлда Талас шаарындагы унаа кырсыгынан каза болгон 26 жаштагы Аскат Асыкуловдун денеси соттук-медициналык экспертизага берилди. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун агасы Азиз Жийдебаев билдирди.«Биздин үй бир заматта эле ушундай күйүткө кабылып калдык. Иним Аскат Асыкулов кечээ дүкөнгө велосипед менен барып, кайра келе жаткан кезде мас абалдагы айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Ал бүгүн эртең менен жан берди. Биз калыс чечим болбой калат деп кооптонуп, инимдин сөөгүн соттук-медициналык экспертизага бердик. Ичибиз аябай ачышып турат. Ал бир үйдүн жалгыз уулу болчу», – деди ал.Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айтымында, окуя кечээ 17.30дарда Манас районунун Көк-Токой айылында болгон. Анда Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Ш.М. жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу кишини коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзгөн.Окуядан жабыркаган велосипедчи аймактык оорукана жеткирилген. Жол кырсыгы Манас райондук ИИБде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган. Тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.Бирок Таластын башчысы Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктө иштебей турганын айтып, кээде кеп-кеңешин айтып турганын билдирди. Ал эми жаракат алган велосипедчинин бүгүн ооруканада каза болуп калганын айтты.