13-октябрь 2020/informator.kg- Байыркы Инка шаары Мачу-Пикчу жана Перудагы ири Назка геоглифтери ноябрь айында туристтер үчүн кайрадан ачылат. Бул тууралуу РПП радиосу Перунун маданият министри Алехандро Нейрага шилтеме берип билдирди. Назка платосунун сүрөттөрүн 10-ноябрдан баштап учактан көрүүгө болот. Көлөмү жүздөгөн метр болгон геоглифтердин үстүнөн учуу Перудагы эң популярдуу турлардын бири. Мындан тышкары, Мачу Пикчуну табуу үчүн керектүү протоколдор даярдалды.