25-сентябрь 2020/informator/kg-

Махмуд Мусави-Мажддын өлүм жазага тартылганын Ирандын соту билдирди. Анын алдында былтыркы “нааразылык акцияларга катышкан” деп айыпталган үч кишини өлүм жазасына тартуу убактылуу токтотулган. Социалдык тармактарда ал өкүмгө каршы жүрүп жаткан ири кампанияга Ирандын өзүндө жана сыртында карапайым адамдардан тышкары бир топ таанымал кишилер, мурдагы саясатчылар катышууда. Ирандын сот бийлигинин сайтында 20-июлда жарык көргөн маалыматта “тыңчылык үчүн айыпталган Махмуд Мусави-Маждын өкүмү дүйшөмбү күнү эртең менен ишке ашырылды жана бул чыккынчылык иши түбөлүккө жабылды” деп жазылган.