28-сентябрь 2020/informator.kg-

Кыргызстанда кайрадан жалпы карантин киргизүү же киргизбөө — элдин санитардык талаптарды сактоосуна жараша болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. «Өлкө масштабында карантин киргизүү – жооптуу иш-чара, ал инфекциянын башталышында, саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо үчүн бир жолу киргизилет. Эми бардыгы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге – коомдо беткап тагынуу режимин жана социалдык аралыкты карманууга жараша болот. Анда анча белгилүү эмес карантиндик чараларды болтурбоого болот. Бирок бул ар бирибизден көз каранды», — деди Үсөнбаев.