15-сентябрь 2020/informator.kg-

Жумгал районуна караштуу Кара-Кече көмүр казуу кенинде тоонун көчүшү токтой элек. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматта жер көчкүнүн көлөмү 2 миллион метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калганы айтылат. “Кара-Кечеге болжолдуу узундугу 3,5 чакырым болгон айланма жол курулат. Аны куруу үчүн Ат-Башы, Талас жана Ысык-Көлдөн атайын техника тартылууда. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасына ылайык, жерине транспорт министринин, өзгөчө кырдаалдар министринин, Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчилеринин орун басарлары чыгып кетишкен. Алар келтирилген зыяндын өлчөмүн, айланма жолдун ордун аныкташат. Алдын ала маалымат боюнча, жер көчкүнүн көлөмү 2 миллион метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калган. Учурда жер көчкүнүн жылышы токтой элек”, – деп жазылат маалыматта.