Бишкек. 22.02. 21 informator.kg   Финполиция тарабынан  жасалма алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз саткандар кармалды. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашат.

Анда финполдун кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондоруна Салык кызматы менен биргеликте “Ишкерликти коргоо тууралуу” мыйзамдын аткарылыш боюнча рейд өткөрүлгөнү, анда бир нече алкголдук продукциялардын жасалма экени аныкталганы кабарланат

Текшерүү учурунда Каракол шаарынын дүкөндөрүнүн бирине “с Серебром” аталышындагы жасалма алкоголдук ичимдиктерди ташыган адам аныкталып, 400 бөтөлкө товары менен бирге “А. С” аттуу жаран кармалган.

Бул иш Кылмыштарды жана Жоруктарды каттоонун бирдиктүү рээстрине түшүрүлүп, тергөө жүрүп жатат.