COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый АбылгазиевРеспубликалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 10-майына чейин узартуу жана экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун баскычтуу тартиби иштелип чыккан критерийдин негизинде жана ага өлкөнүн эпидемиологиялык кырдаалынын тийгизген таасирин эске алуу менен түзүлдү.

«Мисалы, курулуш, айыл чарба, өнөр жай тармактарында илдетти жугузуунун тобокелдиги ортодон төмөн. Кызмат көрсөтүү тутумунда тобокелдик жогору. Ошондуктан бул этапта тейлөө тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүн толук кандуу жандандыруу кооптуу», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги (2020-жылдын 1-майынан тарта):

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

– энергетикалык өнөр жай;

– химиялык жана нефтигаз өнөр жайы;

– машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

– тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

– текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;

– эмерек өнөр жайы;

– курулуш материалдарды өндүрүү

– жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү:

– курулуш обьектилери;

– сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;

– кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

– техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;

– дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

– жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

– интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;

– курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

– кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

– автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (экиден ашык адам салбаганда).

«Иш-аракеттердин ушул багыттарын эпидемиологиялык кырдаалга тийгизген таасири жагынан карап, аларда оптималдуу баланс бар деген бүтүмгө келдик. Ошондой эле бул этапта суроо-талап чоң болгон кызмат көрсөтүүлөр дагы каралды. Фермерлерди колдоо үчүн мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бирок айрым аймактарда гана. Шаарларда жана Бишкек, Ош, Токмок, Сокулуктагы эл көп топтолгон базарлар азырынча иштебейт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкө аймагына вирустун кеңири жайылышынын минималдуу тобокелдигине дагы жол берилбеши керектигин белгиледи.

«Биз жарандар жана экономика үчүн булар кандай кедергисин тийгизерин түшүнүп турабыз. Мен кыйынчылыктарга карабастан өкмөттүн аракетине түшүнүү менен мамиле кылып, ишин колдоп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.