Бишкек. 15.03. 21. Informator.kg  Катар өкмөтү Кыргызстанда Улуттук Травматология жана ортопедия борборунун жаңы имаратын курууга 9 млн. 240 миң. АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу аталган борбордун башчысы, профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.

“Урматтуу достор бизде жакшы кабар. Көптөн бери аракет кылган мээнетибиз жанды. Бүгү н Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарымдуу Элчиси Абдулла бин Ахмед  Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда Элчи мырза Катар мамлекетинин Өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жаңы тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдылган жаны имаратынын курулушуна  багытталган 9 млн. 240 мин АКШ доллар коломундо каржылоого бөлүнгөнүн билдирди. Бул биз үчүн бөлүнгөн каражат 100% грант түрүндө берилет. Кредит эмес, кайтарбайбыз”,-деп жазды ал фейсбуктагы баракчасына.

Ошону менен бирге эле дарыгер Элчи мырза борбордогу курулушту жүргүзүү аянтын көрүп, курулуш иштери тез башталганы абдан жакшы болоорун билдирүү менен, Катар тарап  каржылоого толугу менен даяр экенин айтканын кошумчалады. “Биздин өтүнүч  менен  тендер маселеси Элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулушту аягына чейин бүткөнчө өздөрү толугу  менен көзөмөлгө ала турган болушту”,-деп кошумчалайт ал.

Анын айтымында, жер, документер, жана башка уруксат  кагаздар мэрия тарабынан чечилмей болгон.