Бишкек. 08.01.21. informator.kg Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз режиссеру Садык Шер тарткан “Курманжан датка” тасмасын мактоого алды. Тагыраагы, ал “Эгемен Казакстан» деген басылмада жарык көргөн макаласында мамлекеттик мекемелер жана телеканалдар тарыхый окуяларды чагылдырууга көңүл бурушу керектигин айтып жатканда мисал келтирген.

«Албетте, каржы маселеси да чечилиши керек. Бирок көп акча коротпой эле сапаттуу тасмаларды тартса болот. Кыргызстан көп каражатты сарптабастан жогорку деңгээлдеги фильмдерди жаратса болорун ачык көрсөттү. Кеп «Курманжан датка» тасмасы жөнүндө болуп жатат», – деди Токаев.

Эске сала кетсек, «Курманжан датка» тасмасы 70 миллион сомго тартылып, бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңген.