28-сентябрь 2020/informator.kg-

Пандемия маалында Казакстанда кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 5,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматтарын иликтеген Finprom порталы кабарлады. 2019-жылы жашоо деңгээлинен төмөн киреше тапкан адамдардын үлүшү 4,3 пайызды түзгөн. Бул 2011-жылдан берки эң начар көрсөткүч. Маалыматка караганда, кедейлердин саны жагынан Түркстан (12,8%), Түндүк Казакстан облусу (7,4%), Жамбыл облусу (6,9%) алдыда турат. Нур-Султан (1,4%), Караганды (2,4%), Атырау (3,1%) облустарында абал салыштырмалуу дурусураак. Републикалык маанидеги Алматы менен Чымкент шаарларында абал былтыркыга салыштырмалуу начарлап кеткен. Алматыда жакырлык деңгээли 6,2% (2019-жылы экинчи чейректе 2,6 % болгон), Чымкентте 6,4% (былтыр экинчи чейректе 3,1% болгон) түздү.