30-июль 2020/ informator.kg-Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине 30-июль коронавирустан каза болгондорду аза күтүү күнүнө карата көңүл айтты.
⠀«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус пандемиясынын курмандыгы болгон бир тууган кыргыз жарандарынын элесине арналган 30-июль Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен көңүл айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп жазылат телеграммада.