31-июль 2020/informator.kg-Көптөр күткөн кыргыз киносунун бет ачаары бүгун болот .Кино күздө тартылып ,январда кинотеатрларга чыкмак . Режиссёрдун айтымында Маданият Министрлиги экрана чыкпоосун айтышкан .Атайын 4 ,5 жолу комиссия да түзүлүп кинодогу тэрс кадрларды байкап каршы болушкан .«Мекен» тасмасы 31-июлда саат 20:00дө Solo Mediaнын YouTube каналына жарыяланат. Мындай чечимди тасманын режиссеру менен продюсери Медербек Жалилов фейсбукта билдирди.Кинематография департаментинин өкүлү Айзада Усупбекова «Азаттык» радиосуна кинодо «милициянын аброюна шек келтирилген» жана каада-салт бурмаланып калганын маалымдады.«Кээ бир жерлеринде ачык-айкын милициянын аброюна шек келтирген учурлар бар. Милиция кызматкерлерин начар жагынан көрсөтүп койгон. Кыргыз аялы эч качан кара кийинип жолдошун көмгөндө мүрзөгө барбайт», — деди Усупбекова.Тасманы тартууга 100 миң доллар кеткен. Эми кеткен чыгымдарда акташ үчүн алар кино интернетке жарыялангандан кийин атайын эсеп ачышат.