14-ноябрь 2020/informator.kg- Клара Сооронкулова өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялаган посту коомчулукка талкууга түштү. Ал “Сүрөттөгү Максат Пазылов деген жигитке эскертүү, тез арада Фейсбук аркылуу ачык түрдө видео кечирим сурабаса, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 145-беренеси боюнча ( “Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу” ) жоопкерчиликке тартуу боюнча тийштүү органдарга арыз жазып, мыйзамдын бүт күчүн колдоном. Кечирим суроого 3 кун берем”,- деп билдирүү жасаган.