18-ноябрь 2020/informator.kg– Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум саат 14:00гө жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди. “Саат 10:00дө Биринчи Май райондук сотунда отурум башталмак. Бирок Алмазбек Атамбаевди сотко алып келүү табалы абакка жетпей калган. Ошондон улам ал алып келинген эмес. Эми саат 14:00гө алып келишет. Ошондой эле сот ачык болот жана журналисттер киргизилет”, – деди Жоошев. Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.