18-июль 2020/informator.kg-

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун каттоосу боюнча өткөн суткада дүйнөдө жаңы катталган бейтаптардын саны боюнча рекорд жаңыланды. Дагы 237 743 адамга оору жукканы аныкталып, 5682 бейтап каза болгон.Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 12-июлда болуп, 230 миң адамдан COVID-19 вирусу аныкталган.Учурда дүйнөдө 14,4 млн адамга коронавирус жугуп, 600 миңден ашык адам көз жумду.