30-июль 2020/informator.kg-Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустун 105 учуру жана 21 асимптоматикалык алып жүрүүчүлөр аныкталды, 13 пациент ооруканалардан чыгарылды, деп айтылат Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө. 105 жаңы иштин ичинен 102си жергиликтүү (Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунда 96, Ляонин провинциясында бешөө жана Пекин провинциясында), калган үчөө импорттолгону аныкталды. Жалпысынан, Кытайда пандемия учурунда коронавирустук инфекциянын 84 165 учуру аныкталды, 78 957 адам айыгып кетти, 574 COVID-19 оорусу ооруканаларда калып, 4 634 көз жумду. .