Бишкек. 02.04.21. КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Ковид-19 илдетине каршы атайын эмдөөдөн кийин каза болгон. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын жазганына караганда, 39 жаштагы Бахтияр шакиров жакында Москвага билимин жогорулатуучу курска катышууга ниеттенип, андыктан өзүн пандамиядан коргоо үчүн биринчилерден болуп КР Саламаттык сактоо минисрлигин жүргүзүп жаткан ковидке каршы эмдөөнү алган. “Маркумдун жакындарынын мага телефон чалуусунан кийин ал Кыргызстанга 19-мартта алынып келинген кытайлык China Biotekсhnology Go LTD компаниясынын SinoPfarm вакцинасын алганы белгилүү болду. Андыктан, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тез арада ачык-айкын кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын коомчулукка ачык айтышы керек деген ойдомун”,-деген Е. Баялинова.

Эске сала кетсек, азырынча, бахтияр Шакировдун өлүмүнүнү чыныгы себеби белгисиз.