15-сентябрь 2020/informator.kg-13-сентябрь түнү Орусиянын Краснодар шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 54 үй-бүлө үй-жайсыз калды. Бул тууралуу орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.Маалым болгондой, өрт Краснодардагы Российская көчөсүндө жайгашкан 8 кабаттуу үйдүн 8-кабатынан чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук башкармалыгынан билдиришкендей, өрт тууралуу билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:14тө келип түшкөн. 6 мүнөттөн кийин өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи бөлүмү келген учурда, көп кабаттуу үйдүн 800 чарчы метр аянты күйүп кеткен.Тилсиз жоонун аянты 4,4 миң чарчы метрге жеткенде, саат 5:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүгө 175 өрт өчүрүүчү жана 54 техника, өрттү өчүрүүгө жана адамдарды эвакуациялоого коңшу гарнизондордун бийик техникалары тартылган. Эксперттердин айтымында, куткаруучулардын ыкчам жана координацияланган иш-аракеттеринен улам адам өлүмү катталган жок. Өрт чыккан көп кабаттуу үйдө жашаган 300 адам коопсуз жайга көчүрүлдү.