Бишкек. 04.01.2021. informator.kg  Бүгүн Коомдук Биринчи каналдын YouTube-баракчасына 2020-жылдын 30-декабрында болуп өткөн КРнын Президенттигине талапкерлердин дебаты кайрадан жайгаштырылды.

Анда талапкерлер Абдиль Сегизбаев, Бабыржан Төльбаев, Женишбек Байгуттиев, Курсан Асанов, Равшан Жеенбеков жана Улукбек Кочкоровдор шайлоо алдындагы программаларын тааныштырып, суроо-жооптор менен эфир курч талкууда өткөн болчу.

Бирок, эртеси бул дебат каналдын YouTube-баракчасынан “жоголуп” кетип, коомчулук чуу көтөргөндө, каналдын жетекчилиги тасма техникалык катачылыктардан улам алынып, салынганын, кайра жайгаштырылаарын түшүндүргөн эле.

Ал тургай бул боюнча БШКда да жыйын өтүп, каналга эскертүү берилген.