11-август 2020/informator.kg-

Узакка созулган оорудан улам, Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова каза болду. Бул тууралуу маалымат КТРКнын сайтына чыкты.Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетке караштуу Гуманитардык билим институтунун котормочу адистиги боюнча факультетин аяктаган.2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотеле борборуна ишке алынып, КТРКнын сайтынын ишке киришине салым кошкон. 2015-жылдан тартып КТРКнын сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматта иштеп келген. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды. Informator.kg сайтынын жамааты маркумдун туугандарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.