Бишкек. 21.12.20. informator.kg  КРнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы козгогон кылмыш ишин жабууга пара талап кылган таасирдүү чиновниктин жардамчысы кармалды. Бул тууралуу ММКлар жазып жатышат.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянсак, ал кечээ 20-декабрда Бишкектин Биринчи май РИИБисинин кызматкерлери ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиевден ага финпол тарабынан козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн 160 миң АКШ долларын пара катары талап кылып, ал сумманын 2000 АКШ долларын алып жаткан жеринен А. Т. аттуу жаранды колго түшүргөн. Азырынча, ИИМ расмий маалымат бере элек, бирок, К. Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев бул маалыматтын чындыгын ырастап, тергөөгө байланыштуу азырынча маалыматтарды толук ачыктай албастыгын билдирген.