7-сентябрь 2020/informator.kg

2020-жылдын 1-сентябрында «Кумтор Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 78 миллион 468 миң 3 жүз сом (КРУБ 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду. «Кумтөр» компаниясы бул кадамы менен жаңы COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүү боюнча алдын ала көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн эске алып, ошондой эле социалдык жооптуу бизнес принциптерин жактоочулукту улантуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын дарылоо мекемелерин оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражат бөлдү. «Кумтор Голд Компани» президенти Деон Баденхорст: «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн 1 миллион АКШ доллары COVID-19 менен күрөшүүдө биздин ишкананын татыктуу салымы эле эмес, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системин жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенебиз» – деп белгиледи.