КР Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Квалификациялардын улуттук системасын куралдарын жана башкаруу ыкмаларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча жана Улуттук квалификациялык кеңешти түзүү боюнча тегерек стол өткөрдү.

КР БИМдин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын ченемдик укуктук камсыздоо секторунун башчысы Дамира Алибаева Квалификациялардын улуттук системасын ишке киргизүү боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

“2018-2040-жылдары Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында КР Квалификациялардын улуттук системасын түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленүүдө. 2019-жылдын 2-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. “Квалификациялардын улуттук системасы”, “квалификациялардын улуттук алкагы”, “квалификациялардын тармактык алкагы” деген жаңы түшүнүктөр киргизилди. Бул Квалификациялардын улуттук системасын ишке киргизүү боюнча андан аркы иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн түрткү болду.

Бүгүнкү күндүн негизги темасы – Улуттук квалификациялык кеңешти түзүү жөнүндө маселе. КР Өкмөтүнүн алдында 2012-жылы Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн, бирок ал активдүү иш алып барат деп айтууга болбойт. Ошондуктан, анын милдеттерин кеңейтүү менен жандандыруу же жаңы Кеңеш түзүү керекпи, чечүү керек”, — деди ал.

“Секторду өнүтүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында атайын эксперттик топ түзүлгөн, ал ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди, Квалификациялардын улуттук алкагын иштеп чыкты”, — деп аталган долбоордун жетекчиси Нурлан Атаканов белгиледи.

АДАМ университетинин ректору, эксперттик топтун жетекчиси Светлана Сирмбард аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.

“Квалификациялардын улуттук системасы жөнүндө сөз минимум акыркы 10 жылдан бери болууда. Аны өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер жаңы стратегиялык документтерде жана биз ишти аяктап жаткан документтерде да көрсөтүлгөн. Мисалы, 2020-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планы. Биздин стратегиялык документтер дүйнөдө болуп жаткан негизги тренддерге негизделгендиги абдан маанилүү жана бүгүнкү күндө бул тренддерди берүүчү негизги документтердин бири болуп Туруктуу өнүгүү максаттары саналат.

Негизинен Туруктуу өнүгүүнүн бир катар максаттары квалификациялардын улуттук системаларынын элементтерин өнүктүрүүнү талап кылат. Тактап айтканда, туруктуу өнүгүүнүн 4-максаты – инклюзивдүү жана адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыздоону, өмүр бою билим алууну өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү талап кылат”, — деп белгиледи ал.

Светлана Сирмбарддын айтымы боюнча Кыргызстанда өмүр бою билим алуу тууралуу теориялык көп айтылууда, бирок тажрыйба топтоону улантуу, адамдын формалдуу билим берүүнүн алкагында ээ болгон квалификацияларын таануу жана өнүгүп жаткан формалдуу эмес билим берүү үчүн реалдуу шарттар али түзүлө элек.

“Сөз жалпы, универсалдуу сыяктуу да, ошондой эле кесиптик техникалык көндүмдөр да суроо-талапка ээ болушу керек экендиги тууралуу болууда. Адам ишке орношуу, татыктуу ишке ээ болуу, ишкердик ишмердүүлүк менен алкетенүү үчүн. Биз пандемиянын кезектеги толкунун баштан өткөргөндөн кийин бизде бар болгон жашоо моделине кайра толугу менен кайтып келе албайбыз. Санариптик билим берүү биздин жашообузга абдан оор, көйгөйлөр менен, бирок активдүү кирди. Бир жагынан сапатка тиешелүү бир катар көйгөйлөр бар, экинчи жагынан – санариптик куралдар алыстан окуу үчүн, биздин өлкөдө гана окуу эмес, ошондой эле ар кандай билим берүү провайдерлеринде окуу үчүн укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул биздин билим берүү системабыздын алдында турган жана аларга реакция кылуу керек болгон бир катар жаңы чакырыктар”, — деп эсептейт Светлана Сирмбард.

Квалификациялардын улуттук алкагын өнүктүрүүнүн актуалдуулугу жөнүндө Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди социалдык-экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Касымалиева да айтууда.

“Адам ресурстарын өнүктүрүү – абдан маанилүү маселе, анткени биз жумушчу кадрларды чет өлкөлөргө жиберебиз. Биздин мигранттар өзүнүн ишинин адиси болуп саналат, бирок тастыктоочу сертификаттары, документтери жок. Ошондой эле, валидациялоо маселеси абдан курч болууда жана ал ордунан жылууда. Ондогон адистер өзүнүн квалификациясын тастыктады жана сертифкаттарды алышты. Алар эми жакшы акча таба алышат, татыктуу ишке орношо алышат. Бул багытта иш жаңы башталды. Квалификацяилардын тармактык алкагы боюнча көптөгөн иштерди жасоо зарыл, мында иш берүүчүлөрдү тартуу маанилүү. Анткени алар гана белгилүү бир кызмат ордуна кандай адис керек экендигин жакшы билишет”, — деди ал.