25-ноябрь 2020/informator/kg- “One FC” уюмунун чемпиону, 27 жаштагы кыргыз мушкери Кямран Аббасов эмне себептен Орусиянын жарандыгын алгысы келип жатканын “Youtube” каналдардын бирине түз эфирде берген маегинде айтты.

“Мен 6 жылдан бери Орусияда жашайм. Менин үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү – аялым, балдарым – ушул өлкөнүн жарандары. Орусияда жарандыгы жок туруктуу каттоодо туруу кыйын жана мен мындан тажадым. Мага жардам бергендер дагы мени Орусиянын жараны болушумду каалашат.

Азыр мен ар кимдин оюн уга албайм. Баардыгы өздөрүнүн ою менен калышат. Мени буга чейин колдогондор дагы да колдой берет деп ойлойм. Валентина Шевченко Перу менен Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгат. Андан эч нерсе болбойт. Мен дагы эки өлкөнүн желеги менен чыга алам. Эмнеге мен түрк желеги менен чыгып жатам? Мен өзүм түркмүн. Бул менин улутум”, – деди Аббасов. Кямран Аббасов 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин анын Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документ тапшыргандыгы кабарланган.