19-ноябрь 2020/informator.kg- Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Акчабарга» билдирди. 
 «Учурда Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар болгондуктан сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле коюлду. Тиешелүү жарлык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Тиешелүү жарлык  койгондон тарта күчүнө кирет»,- деди Токтогазиев.
 Этке болгон талаптын Өзбекстан тараптан жогору болуп жатканынын себеби, Өзбекстандын мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программа жүзөгө ашырылып жаткандыгында.