30-июль 2020/informator.kg-

Кыргызстанда дары-дармекке болгон муктаждык жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык шаймандар департаменти билдирди.Анын айтымында, Кыргызстанга жалпы 14 миллирад 300 миллион 646 миң 148 сом өлчөмүндөгү дары-дармек жана медициналык шаймандар алынып келинген. Анын 2,1 миллиарды коронавирус илдетин дарылоого сарпталат.Департамент белгилегендей, мамлекеттик органдардын, фармацевттик компаниялардын, жеке жана эл аралык уюмдардын, ыктыярчылардын жана активисттердин күч-аракеттеринин биригүүсүнүн натыйжасында дары-дармек каражаттары медициналык мекемелердин жана дарыкана тармактарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн керектүү көлөмдө алынып келинген. Ошол эле учурда, дары-дармектер менен медициналык шаймандарды өлкөдө өндүрүү көбөйтүлүп жатат.