Бүгүн, 18-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде оорудан айыккан 16 бейтап ооруканадан чыгарылды. Алар:

  • 4 адам Бишкек шаарында;
  • 12 адам Жалал-Абад облусунда.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус аныкталгандардын саны 506 адамга жетти.