16-сентябрь 2020/informator.kg-

Кымча бел кызыбыз Дея Султанжанова Кыргызстаныбыздын желегин желбиретип, Түркияда өтүп жаткан «Miss Aura International» аталышындагы сулуулар сынагына катышып жатат. Бул тууралуу аталган сынактын расмий баракчасына жарыяланды. Сынак 13-сентябрда башталган. Ал эми сынактын жыйынтыгы  27-сентябрда белгилүү болот. Биринчи орун үчүн ар кайсыл өлкөдөн 28 кыз күч сынашууда. Мекендешибизге баш байгени багындыруусуна ийгилик каалайбыз.