Бишкек. 22.12.20. informator.kg Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине Түштүк Кореядан 20 миүң даана ПЦР-тесттерди алды. Бул тууралуу Good neighbors international  уюмунан кабарлашкан.

Анда белгилүү болгондой бул жабдыктардын жалпы баасы 20 миң АКШ долларын түзөт жана эки өлкөнүн достук кызматташыгынын негизинде гуманитардык жардам катары тапшырылган.

«Түштүк Корея мамлекети буга чейин да атайын коргочу формалар жана кислороддук концентратор, медициналык беткаптар түрүндө жардам көрсөткөн. Бул тесттер КОВИД-19 илдетин аныктоого жардам берет”,-деп айтылат уюмдун маалыматында.