Бишкек. 16. 03.21. informator.kg  Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана анын аялы Covid-19 илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу Сnn басылмасы өкмөтүк булактарына таянып жазганы жарыяланды.

Анда кечээ 20-мартта Пакистан саламаттыкты сактоо министри Фейсал Султан өкмөт башчыны “үй шартында изоляцияга алынганын” жарыялаганын, бирок, 68-аштагы премьер Кытай өндүрүшүнөн чыккан коронавируска каршы Sinopharm  вакцинасы менен эмделгенине карабай, илдетти жуктуруп алгандыгы айтылат. Азырынча аталган вакцина Пакистандыктар пайдаланып жаткан алгачкы антивирустук дары болуп жатат.