Лукашенко Беларусь өкмөтүн отставкага кетирди.

Sputnik Белоруссия жарыялаган маалыматта өлкөнүн президенти Александр Лукашенко азыркы өкмөттү отставкага кетирүү чечимин кабыл алгандыгы айтылат. Белоруссиянын мыйзамы боюнча премьер-министрди президент дайындайт. Бирок андан мурда Эл өкүлдөр палатасынын программасын тааныштырып, колдоосун алгандан кийин толук бекийт.

Лукашенко өткөн аптада кадрдык өзгөрүүлөр болорун айткан эле. Дүйшөмбүдө эки палатанын, президенттик администрациянын жана коопсуздук кеңештин жетекчилери менен сунушталган талапкерди талкуулаган.

Азырынча эскилерден кимдер кызматта калып, кимдердин кетери же башка кызматка которулары белгисиз. Жаңысы дайындалганга чейин эски курам өзүнүн милдетин аткарып турат.

Азыркы өкмөт башчысы 50 жаштагы Сергей Румас кызматына мындан эки жыл мурда, август айында киришкен. Эгерде Румас кызматта калса, анда вице-премьерлер жана министрлер алмашып, депутаттардын колдоосуна муктаждык болбойт.

Палатанын жакынкы сессиясы эртеңкиге, аны менен катар эле депутаттардын жолугушуусу келерки аптага жана айдын аягына пландалганы маалымдалган.