18-ноябрь 2020/informator.kg– Чүй облуснун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында турак үйдөн өрт чыгып, 2 киши каза болду. Каза болгон жарандардын аты-жөнү, жынысы такталууда дешти ӨКМнын маалымат кызматынан. Белгилүү болгондой, Жаш Гвардия көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам күйүп каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын билдиришти министрликтен.