25-ноябрь 2020/informator/kg- Январда UFC уюмунун эки салмагынын экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады. Таймаш кайсы жерде өтөрүн промоушен азырынча белгилеген эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда реванш Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» спорттук жайында болушу мүмкүн. «Реванш расмий белгиленди. Дастин Порье Конор Макгрегор менен 23-январда «UFC-257» мелдешинде кез келет», — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, ушул жылдын июль айында Макгрегор спорттон кеткенин жар салган. Ирландиялык мушкер америкалык Порье менен буга чейин 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.