8-сентябрь 2020/informator.kg-Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышууга болбойт. Бул тууралуу премьер -министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
 
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген кызматкерлер шайлоодо үгүт иштерине катышууга болбойт. Мыйзамдын 22-беренесинде «мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого карата үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынат» — деп жазылган.
 Мыйзамдын сакталышына укук коргоо органдары көзөмөл жүргүзүшү зарыл. Шайлоо учурунда күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт»-деди Боронов.