Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу керек. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мусулман бир туугандар! Бүгүнкү улуу жума күнүңүздөр маарек болсун!

Бүгүн жума намазына келгенде:

Бет кабыңыз болсун!

Жайнамазыңыз болсун!

1.5 метр аралыкты так сактаңыз. Бул өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн.

Намаз окулуп бүткөндө мечитте көп кармалбайлы. Кол алышып учурашпайлы», — деп айтылат маалыматта.