MegaCom уюлдук оператору жана «Раритет» дүкөнү китеп сүйүүчүлөрү үчүн «Айдын мыкты окурманы» биргелешкен акциясы уюштурулуп жатканын кубануу менен кабарлайт.

Акциянын негизги шарты – «Китеп порталы» сервисинин активдүү колдонуучусу болуп, өз аккаунту менен порталга көбүрөөк кирип туруу. Ар бир айдын жыйынтыгы менен эң активдүү деп эсептелген 3 колдонуучу «Раритет» китеп дүкөнү сунуштаган 3 китептин бирин тандап алат.

Март айынын алгачкы 3 жеңүүчүсү төмөнкү китептерден турган белекти тандап алса болот.

Биринчи орун үчүн:

·         «Шантарам» (Грегори Дэвид Робертс);

·         Мектеп окуучулары үчүн Дүйнө атласы;

·         «Жогорку эффективдүү адамдардын 7 көндүмү» (Стивен Р.Кови).

Экинчи орун үчүн:

·         Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын чакан жыйнагы;

·         «Коралина» (Нил Гейман);

·         «Кылычсыз Самурай» (Китами Масао).

Үчүнчү орун үчүн:

·         «Дориан Грейдин портрети» (Оскар Уайльд);

·         «Кичинекей ханзаада» (Антуан де Сент Экзюпери);

·         «Феррарисин» саткан кечил» (Робин Шарма).

«Китеп порталы» сервисинин колдонуучулары активдүү окурмандар арасынан өз рейтингин бир ай бою *9718# буйруусу аркылуу көзөмөлдөп тура алат. «Айдын мыкты окурманы» акциясы тууралуу толугураак маалыматты book.megacom.kg сайтынан окуңуздар