Бишкек. 22.02. 21 informator.kg  “Мекенчил” саясий партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештердин, ошондой эле парламенттик шайлоолорго да катышпайт. Бул тууралуу аталган партиянын активдүү мүчөсү Адинай Марипова фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Урматтуу достор, журналисттер жана башкалар: “Мекенчил” партиясы 11-апрелдеги шайлоого барбайт экен, чынбы?” деп сурап жатышат. Ооба, чын. “Мекенчил” партиясы 11-апрелде дагы, парламенттик шайлоого да катышпайт”,-деп билдирүү калтырган ал.

Ошол эле маалда жергиликтүү кеңештерге буга чейин Камчыбек Ташиев жетектеп келген “Атажурт” саясий партиясы катыша тургандыгы белгилүү.