Бишкек. 22.02. 21 informator.kg  Бүгүн, камакта жаткан жарандык активист Мелис Аспековдун тарапташтары маалымат жыйынын өткөрөт. Күндүзгү саат 14:00дө “Акипресс” маалымат агенттигинде “Мелис Аспековду колдоо комитети” коомдук уюмунан Маметов Асхад, Мамбетов Жамбеке жана Нааматов  Байыш аттуу жарандар анын камалышы боюнча билдирүү таратышмакчы.

Эске сала кетсек, Мелис Аспеков “Кыргыз Темир жолу Улуттук Ишканасынын” жетекчилигинен мыйзамсыз 250 миң АКШ долларын өлчөмүндө пара талап кылып, каражаттын бир бөлүгүн алган соң УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн болчу.

Аны менен бирге кармалган активист Улан Джураев болсо тергөө менен кызматташуу тил катын жазып, үй камагына чыгарылган эле.